Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

БАЕКОВА КЫЗМАТЫНАН КАЧАН КЕТЕТ?


21-ноябрда Жалалабат облусундагы шайлоо-референдумду өткөрүү боюнча комиссиясы шайлоо даярдыгы ага байланыштуу маселелер боюнча маалымат жыйынын уюштурду. Жыйынга катышкан журналисттер менен саясий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү саясий партияларга коюлган шайлоочулардын жарым пайыздык добушун алуу талабы, шайлоочулардын тизмеси менен алардын добуш берүүсүн уюштуруу, ”Акжол” партиясынан талапкер болгон Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын кызматтан кетүү-кетпөө тартиби тууралуу маселелерге кызыгышты.

Облуста район-шаардык шайлоо комиссиялары түзүлүп, эми участкалык 403 шайлоо түйүнү ачылаар кезде парламенттик жарышка зарыл болгон каражаттар эсептелип чыга элек. Борбордук шайлоо комиссиясы облустагы шайлоого канча каражат болоор маселе да бүдөмүк бойдон турат. Бул тууралуу маалымат жыйынына келген облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурмамат Ашымов билдирди.

- Күтүп жатабыз кандай акча каражаты келет. Бүгүнкү күнгө чейин билбейбиз облуста канча акча каражаты каралган.

Бир нече коомдук уюмдар менен журналисттерди “Акжол” партиясы талапкерликке сунуш эткен Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын кызмат тагдыры кандайча чечилээр маселесине кызыгышты. Буга чейин дайын болгондой анын кызмат жүйөөсү Жогорку Кеңеш аркылуу чечилмек. Бирок, эски парламент таркатылып жаңысы эми шайланаары күтүлүп жатканда көпчүлүк анын шайлоого бараар-барбасына кызыгууда. Калемгер Анархан Жаныбаеванын:

- Ал Конституциялык соттун төрайымы катары партиялык тизмени да жетектеп жатат. Эгерде ал арызын жазбаса, кызматтан кетүү боюнча “Ак жол” партиясынын шайлоого катышканда ансыз деле буга чейин административдик ресурстар колдонулуп жатат деп аларга көптөгөн күнөөлөр коюлуп жатат. Анан ал шайлоого арызын жазбай эле катышып кала турган болсо, кайсы бир деңгээлде мыйзамдык укуктук жагы кандай болот,- деген суроосуна Нурмамат Ашымов, Чолпон Баекова кызматын тапшыруу арызын бербесе, аны талапкерликтен алууга БШК укуктуу, шайлоого катыша турган болсо, ал тууралуу арызын президент караштырат деген жообун узатты.

УТРКнын облустагы өкүлү Бактыкан Ажымаматова шайлоо комиссиясына катталган партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусу жана кайрадан добуш берүү тууралуу суроо берди.

- 22 партиянын ар бир өкүлү бирден киргенде да 22 адам бир шайлоого комиссиясына туура келип жатат. Ошондо үчтөн бирдик норма сакталбай калышы мүмкүн. Азыркы шайлоодо ошол нерсе каралган.

Учурда саясий партияларга коюлган шайлоочулардын жарым пайыз добушун алуу талабы талаш туудурууда. Коммунисттик партиянын өкүлү Бекболот Ибрагимов шайлоо тизмеси тизмелери такталып, номерленип, шайлоо участкасына тапшырылгандан кийин ооруп калган шайлоочу кантип добуш берээр маселеси түйшөлтөөрүн билдирди.

- Бир тизме болсо анан ар кимге бөлүп алышка мүмкүн эмес. Бир эле киши беш жүз кишини тейлеш кыйын да. Региондор деген сөз кандай. Регион бул облустун регионубу же райондордун регионубу же аймактык түндүк, түштүкпү?

Жалалабат шаарындагы “Жаңы доор” («Янги аср») аттуу өзбек жамаатынын вице президенти Абдулхак Кушназаров үчүн жаңы баш мыйзам кабыл алынгандан кийин жарым пайыздык чек боюнча БШКнын чечим кабыл алганы түшүнүксүз.

- Эми кечээ Борбордук шайлоо комиссияда башкача талкуу болуп жатат. Республикалык тизме деп. Ал проекте жок. Эл эмнеге добуш этти. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү отуруп добуш беришти. Мыйзам эчак кабыл алынган. Ошол мыйзамдын 77-беренесине добуш коюп жатышат. Буга эмне дейсиз?

Нурмамат Ашымовдун жообуна ылайык парламенттин жоктугунан БШК жогоркудай чечим кабыл алууга аргасыз болду.

- Бирок ошол 0,5 % массалык маалымат каражаттарынын баардыгына жарыяланган. Эркинтоодон баштап, облустук гезитке чейин ошол өзгөртүү киргизилди деп президенттин указы катары жарыяланган. Ар бир мыйзамга түшүндүрмөнү Жогорку Кеңеш берет. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш жок. Андыктан, Борбордук шайлоо комиссиясы 0,5 % тактамай иретинде, түшүндүрмө иретинде токтом кабыл алышты. 0,5 % трагедия кылбаш керек. Ошол партиялар жер-жерлерде өзүлөрүнүн авторитети болсо ал процесстен оңой эле өтүп кетишет,- дейт Нурмамат Ашымов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG