Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

ООГАНСТАНДА ИРИ ЭЛ АРАЛЫК ЖЫЙЫН ӨТҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Ооганстандын Герат шаарында Экономикалык кызматташуу уюмунун беш күндүк жыйыны башталды. Ага 10 мүчө-мамлекеттин министрлери катышат, өз аймагында толук коопсуздук орното элек Ооганстан көптөн бери мынчалык маанилүү жыйын өткөргөн эмес.

Экономикалык кызматташуу уюму 1985-жылы Иран, Пакистан жана Түркия тарабынан негизделген, кийин СССР чачырагандан соң, 1992-жылы ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Ооганстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан кошулган. Уюмдун баш кеңсеси Тегеранда жайгашат, анын Министрлер кеңешинин жыйындарында болсо Экономикалык кызматташуу уюмунун саясаты аныкталат жана эң негизги документтер даярдалат, Кеңештин жыйындары жыл сайын ар башка мүчө-мамлекеттерде өткөрүлүп турат.

Азыркы жыйын - он жетинчи, ага Ооганстандын тышкы иштер министри Рангин Дадфар Спанта төрагалык кылууда. Ооганстанда мынчалык бийик даражалуу жыйындар көп жылдардан бери өткөрүлгөн эмес, ошондуктан өкмөт тарабынан өзгөчө даярдыктар көрүлүүдө.

Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Султан Ахмад Бехиндин айтымында, жыйын эки бөлүктөн турат: "Бул конференция экиге бөлүнүп өткөрүлөт. Шаршемби жана бейшемби күндөрү өтө турган анын биринчи бөлүгүнө министрлердин орун басарлары жана башка жогорку кызматкерлер катышып, ар башка маселелерди талкуулайт. Андан соң ишемби күнү жыйындын негизги бөлүгүнө министрлер катышат, алар - орун басарлар даярдаган документтерди бекитүүгө тийиш. Ал жыйында экономикалык проблемалар, соода, унаа жана башка регионалдык кызматташуу маселелери каралат", - дейт Бехин.

Анын айтымында, Кабулдун максаты - жөн гана бул жыйынды ийгиликтүү өткөрүүдөн алда канча кеңири: "Биздин саясаттын максаты - регионалдык кызматташууну өркүндөтүү жана Ооганстанды Азия мамлекеттери арасындагы көпүрөгө айлантуу. Картаны карап көрсөңөр, биз андай көпүрөгө чындап эле айланып баратабыз. Транзит жана унаа маселелери боюнча, өзгөчө кубат транзитин алсак, ал ооган аймагы аркылуу өтүүдө. Бул өтө маанилүү - экономикалык жактан гана эмес, коопсуздук жана социалдык өнүгүү жагынан алганда. Ооганстан үчүн бул өтө маанилүү мүмкүнчүлүк", - дейт Бехин.

Анткен менен Министрлер кеңешинин жыйынын коргоо үчүн ооган өкмөтү Герат шаарына кошумча эки жарым миң полиция күчтөрүн чугултууга аргасыз болууда, эгер жыйын учурунда кайсы бир теракт ишке ашырылып, чет өлкөлүк коноктор жабыркаса, Ооганстанга катуу сөз тийет. Конференцияга бир нече эл аралык уюмдун өкүлдөрү дагы катушууда.

Герат жыйынында - виза маселелерин жеңилдетүү, уюмдун Стандартизация институтунун макамын аныктоо, өзгөчө кырдаалдар учурунда биргелешкен аракеттерди башкаруу максатын көздөгөн атайын борбор түзүү, жана башка маселелер каралууда.

Кеңештин буга чейинки жыйыны былтыр май айында Бакы шаарында өткөн жана Министрлер кеңешине азыр Азербайжан төрагалык кылууда. Герат жыйынынан кийин андай төрагалык Ооганстанга өтөт жана келерки жыйын Пакистанда уюштурулууда. Ошол эле Пакистанда эмдиги жылы уюмдун эки жылда бир өтчү бийик жолугушуусу пландалган жана ал саммитте карала турган документтер негизинен ооган төрагалыгы учурунда даярдалат.

Үстүбүздөгү октябрдын аягында болсо Ыстамбул шаарында мүчө-мамлекеттердин соода палаталарынын жыйыны өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG