Шанхайда өткөн бүткүл дүйнөлүк атайын олимпиадалык оюндарга 164 өлкөнүн он миңдей мүмкүнчүлүктөрү чектелген спортчусу катышты. Алар он бир күндүн аралыгында спорттун 21 түрү боюнча мөрөй талашып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Өлкөнүн атайын олимпиада комитетинин жетекчиси Канат Мамбеталиевдин айтымында кыргызстандык майып спортчулар ар түрдүү эл аралык мелдештерге катышып жүрүшкөнү менен мындай атайын олимпиадага алгач ирет Кыргыз туусун 8 спортчу көтөрүп барып, олжолуу келишти.
- Алардын спорттук чебердигин жогорулатуу боюнча атайын машыктыруучуларды да ишке тартуу зарыл эле. Айла жоктон өз алдыбызча даярдык көрдүк. Каражат маселеси кыйын болсо да майыптарга соопчулук кылууга ниет кылган демөөрчүлөрдү табуу менен Шанхайга барып, ийгилик жараттык. Эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатып атайын олимпиадага катыштык, ачылышына дүйнөгө даңазалуу Жеки Чан, Колен Фуэр Арнольд Шварценеггер жана башкалар келишип, майыптардын көңүлүн көкөлөттү. Шанхайдагы атайын олимпиадалык оюндарда жеңил атлетика, бадминтон, дзюо-до, стөл теннисинен байгелүү орунга ээ болдук.
Атайын олимпиада спорттун 21 түрүнөн өткөрүлсө кыргызстандык 8 майып спортчу спорттун 4 түрү боюнча мөрөй талашууга катышып, ийгиликке жетишти.
Алар жеңил атлетика, стөл тенниси, бадминтон жана дзю-до боюнча таймашууларда Кыргызстандын намысын коргоп, мөрөй алгандар болду.
Шанхайдагы атайын олимпиаданын жеңил атлетика таймашынын100 метрге жарышында бишкектик Анастасия Лучагина марага экинчи келип, күмүш медаль тагынды. Ошондой эле ал узундукка секирүүдө коло байгелүү болду. Фамилиясын атабоону өтүнгөн кыргызстандык Димитрий 400 метрге жарышты биринчи болуп алтын медалдын ээси болду. Дима 200 метрге жарышта дагы экинчи орунду ээлеп, күмүш байгени утуп келди.
Бадминтон мелдешинде кыргызстандык Екатерина Губина үчүнчү орунга жетип, коло медаль тагынып келди.
Ал эми стөл тенниси мелдешинде кыргызстандык Екатерина Довровольская өнөрү менен таанылып, баш байгенин ээси болуу менен атайын олимпиаданын чемпиону аталып, алтын медаль тагынды.
Дзю-до күрөшүндө кыргызстандык балбандар намыска жарады. 60 кг салмакта күрөшкөн кыргызстандык Максим Сахнов баардык аттаандштарын утуп. Атайын олимпиаданын чемпиону болду. 80 кг салмактан жогорку майып балбандардан бишкектик Рустам Кадыров үчүнчү орунга жетүү менен коло байгелүү болду. Ал Шанхай олимпиадасы абдан жакшы уюшулганын, чет өлкөлүк достор менен таанышканын айтып берди.
Бишкек шаарында 6 спорт мектеби болсо, ошонун бирөө майып спортчуларга арналган эмес. Учурда Кыргызстанда атайын майып спортчулар үчүн олимпиадалык резервдеги атайын адистешкен мектеп ачуу да мезгил талабы.
Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркуловдун пикиринде майып спортчуларга бийлик көз- кырын салып, камкордукка алуу мезгил талабы.
-Бул мезгил талабы. Кыргызстан мындай атайын олимпиадага алгач ирет катышуу менен эл аралык аренага таанылууга мүмкүнчүлүк алды. Мындан ары майып спортчуларга өкмөт шарт түзүлүп, камкордукка алынат деген ишеним акталаарына күмөнүм бар. Эл аралык уюмдар, демөөрчүлөр гана жардам бербесе майып спортчулардын багы ачылбайт эле. Алар дагы Кыргызстанды эл аралык аренага таанытып келишти.
Майып спортчулар үчүн эл аралык биринчи оюндар 1968- жылы АКШнын Чикаго шаарында өткөрүлгөн. Ошондон бери атайын олимпиадалык оюндар деп аталып 4 жылда бир уюштурулуп келүүдө.
1968-жылы АКШнын Чикаго шаарында алгачкы оюндарга эки мамлекеттен гана миңге чукул спортчу катышса, андан бери батыш өлкөлөрүндө майып спортчуларга болгон камкордук күчөп, бул атайын олимпиаданын өрүшү кеңейген.
Бул атайын жайкы олимпиадалык оюндар АКШда он жолу өткөрүлүп, мелдештерге жүз элүүдөн ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Акыркы он биринчи атайын оюндар 2003- жылы Ирландиянын борбору Дублин шаарында болуп, анда 166 өлкөдөн жети миңдей майып спортчу мөрөй талашкан.
Эл аралык атайын олимпиада комитетинин президенти Тимоти Шривер Шанхайдагы мелдештерге жогору баа берди.
Эми 2009 - жылы АКШнын Бойсе шаарында атайын кышкы олимпиадалык оюндар болмокчу.