Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:40

К. САГЫНБАЕВ ЖАНА КУРАЛ ОРДОБАЕВ - ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДОРУ


Санкт-Петербург шаарында өткөн бильярд боюнча дүйнө чемпионатынын баш байгесин дүйнөнүн үч жолку жеңүүчүсү, кыргызстандык Каныбек Сагынбаев жеңип алды. Ошондой эле Уфа шаарында бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты өткөрүлүп, кыргызстандык балбандар жеңиш менен кайтып келишти.

Кыргызстандык спорт күйөрмандары үчүн кулак сүйүнткөн спорт жаңылыгы бар. Бильярд боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионатынын үч жолку жеңүүчүсү, кыргызстандык Каныбек Сагынбаев 11-14-октябрда Санкт-Петербургда өткөрүлгөн бильярддын динамикалык пирамида түрү боюнча дүйнөнүн чемпионатынын баш байгесин утуп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытты. Өлкөнүн бильярд спорт федерациясынын президенти Константин Коробовдун билдиргенине караганда, финалга чейин Каныбек Сагынбаев баардык атаандаштарын жеңген. Ал эми 14-октябрда болгон финалдык таймашууда Каныбек сагынбаев украиналык Александр Паламаряны 7:5 эсеби менен утуп, дүйнө чемпиону аталды. Жарым финалдык таймашууда Каныбек армениялык Арман Баклачянды 7:2 эсебинде жеңип алып, баш байгеге талапкер болгон.

Ал эми чейрек финалда Казакстандын намысын коргоп жүргөн дүйнө чемпиону, кыргызстандык Каныбек Сагындыков менен Каныбек Сагынбаев беттешип, жаштык жигер менен Сагынбаев жеңишке жетип, жолу ачылган.

22 жаштагы бишкектик эл аралык спорт чебери Каныбек Сагынбаевге Санкт-Петербургда өткөн дүйнөнүн чемпионатында чемпиондук алтын медаль менен кошо Кубок жана Audi-A3 үлгүсүндөгү жеңил автоунаа сыйлык катары тапшырылды.

Каныбек Сагынбаев жакында эле Минскиде өткөрүлгөн «Евразия шаарларынын гран-при» турниринин баш байгесин утуп алып, спорт коомчулугунун көңүлүн бурган.

Совет доорунда бильярд кумар оюну катары тыйуу салынып, ышкыбоздор жашырынып ойноп келишсе, эгемендүү өлкө болгону бул спорттун бир түрү катары өнүгө баштады. Дүйнө жүзүндө бильярд оюнунун бир нече түрү бар. Америка пулу деген ыкмасы олимпиадалык түр катары кабыл алынып, дүйнөлүк биринчиликтери өткөрүлүп, Азия оюндарынын катарына кабыл алынган. Кыргызстанда бильярддын орус пирамида, москва пирамида түрлөрү гана өнүккөн.

Кыргызстанда мыкты атаандаштардын жоктугунан жана спортчуларга жакшы шарт түзүлбөгөндүктөн өлкөнү эл аралык аренага тааныткан жигиттер чет мамлекеттерге кетип калышууда. Алардын бири дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Каныбек Сагындыков учурда Казакстандын намысын коргоп жүрөт.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркуловдун айтымында Бишкекте бир гана бильяр спорт мектеби жана ондон ашуун бильярд спорт клубдары бар. Кыргызстандык спортчулар олимпиадалык түргө маани бербей, коммерциялык мелдештерге орус пирамида ыкмасына басым жасаганы өкүнүчтүү.

“Былтыр Катардын Доха шаарында өткөн 15-Азия оюндарында "Америка пул" ыкмасы киргендиктен кыргызстандык бильярчылар барбай коюшту. Учурда Бишкекте бир нече бильярд жайлары салынып, спорт катары ойнолбой, көңүл ачуу, эс алуу максатында гана ойнолуп, киреше табуунун бир булагына айланып барат,"-дейт Бообек Кадыркулов.

Уфа шаарында бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты өткөрүлүп, кыргызстандык балбандар жеңиш менен кайтып келишти. Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында дүйнөлүк таймашууда Кыргызстандын балбандары бир алтын, үч коло медаль утуп келишти.

90 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргогон Куралбек Ордобаев бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпиону аталып, баш байгени жеңип келди. 73 кг салмакта А.Бодошов коло байгенин ээси болду. 100 кг салмактан жогору балбандардын күч сынашуусунда кыргызстандык Александр Бэм үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынды. Кыз-келиндер арасындагы бел кур күрөшүндө бишкектик Гүлзина Кубатбек кызы жарым финалга чейин жетип, коло байгени олжолоп кайтты. Дүйнөлүк таймашууга катышкан 50 мамлекеттин балбандарынан жалпы командалык эсепте Кыргызстан байгелүү үчүнчү орунга жетти.

Бел кур күрөшүнүн финалдык беттешүүлөрүнө Орусиянын президенти Владимир Путин да күбө болуп, балбандарды сүрөөнгө алып турду.
«Кара Кыргыз» деп аталган кыргызстандык кикбоксер Ален Офойо 76 килограммга чейинки салмакта Евразиянын чемпиондук куруна жетүүгө талапкер болду. Ушул жогорку наамга ээ болуу үчүн кыргызстандык Ален рингде 2005-жылкы кикбоксинг боюнча дүйнөнүн чемпиону одессалык Максим Гречкин менен беттешет.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG