Бильярд француз сөзү. (Billard; bille) кыргызча тоголок деген маанини түшүндүрөт. Төрт кырлуу столдо 16 шар менен ойнолуучу оюн. Бильярд оюну Индия менен Кытайда пайда болгон деген пикирлер айтылып келет. Бильярддын эл аралык спорттук уюмдары, федерация, ассоциациялары бар.
Совет доорунда бильярд кумар оюну катары тыйуу салынып, ышкыбоздор жашырынып ойноп келишсе, эгемендүү өлкө болгону бул спорттун бир түрү катары өнүгө баштады. Дүйнө жүзүндө бильярд оюнунун бир нече түрү бар. Америка пулу деген ыкмасы олимпиадалык түр катары кабыл алынып, дүйнөлүк биринчиликтери өткөрүлүп, Азия оюндарынын катарына кабыл алынган. Кыргызстанда бильярддын орус пирамида, москва пирамида түрлөрү өнүккөн.
Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын директору Касымкул Оболбековдун пикиринде өлкөнүн аймактарында бильярд спортуна анча көңүл бурулбайт.
Кыргызстанда мыкты атаандаштардын жоктугунан жана спортчуларга жакшы шарт түзүлбөгөндүктөн өлкөнү эл аралык аренага тааныткан жигиттер чет мамлекеттерге кетип калышууда. Алардын бири дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Каныбек Сагындыков учурда Казакстандын намысын коргоп жүрөт.
Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында Бишкекте бир гана бильяр спорт мектеби бар. Кыргызстандык спортчулар олимпиадалык түргө маани бербей, коммерциялык мелдештерге орус пирамида ыкмасына басым жасаганы өкүнүчтүү.
“Былтыр Катардын Доха шаарында өткөн 15- Азия оюндарында америка пул ыкмасы киргендиктен кыргызстандык бильярчылар барбай коюшту",- дейт Алмаз Касенов.
Учурда Бишкекте бир нече бильярд жайлары салынып, спорт катары ойнолбой, көңүл ачуу, эс алуу максатында гана ойнолуп, киреше табуунун бир булагына айланып баратканын сынга алгандар да бар.
Ошондой болсо дагы кулак сүйүнткөн спорт жаңылыгы. Жаштар арасында дүйнө чемпионатынын үч жолку жеңүүчүсү, кыргызстандык бильярдчы Каныбек Сагынбаев 4-7-октябрда Минскиде өткөрүлгөн кезектеги «Евразия шаарларынын гран-при» этаптык турниринин баш байгесин утуп алып, спорт коомчулугунун көңүлүн дагы бир ирет өзүнө бурду.
Өлкөнүн бильярд спорт федерациясынын президенти Константин Коробовдун билдиргенине караганда, финалга чейин Каныбек Сагынбаев белоруссиялык эки спортчуну жеңген. Ал эми 7-октябрда болгон финалдык таймашууда украиналык Ярослав Тарновецкийди 5:4 эсеби менен утуп, баш байгенин ээси болду.