Мындай билдирүүнү мамлекет башчысы Чүй облусун бүгүнкү кыдыруу учурунда жасаган. «Менин кайсы бир партияны башкарууга укугум жок. Бирок жоопкерчиликтүү, аракетке жөндөмдүү жана натыйжалуу, мамлекеттин саясатын жүргүзө турган партияны колдой аламын»,-деп белгилеген президент. Өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалга токтолгон Курманбек Бакиев экономикада өсүш болуп жатканын, ал эми азык-түлүккө баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу маселелерди экономиканы көтөрүү, туура агрардык саясат менен чечүүгө болоорун белгилеген. Бейшемби күнү президент Чүй облусун кыдырууну улантат. (AiT)
15:30 К.Бакиев: Мен мамлекет башчысы катары кайсы бир партиянын башында турууга укугум жок