Мындай тапшырманы төрага Марат Султанов Конституциялык Соттун 2003-жылкы баш мыйзамга кайтып баруу тууралуу чечиминин негизинде Жогорку Кеңештин укук бөлүмүнө берди. Төрага 2003-жылкы Баш мыйзамга кайсы чечимдер дал келет-келбейт деген маселени аныктап алып туруп, соңунан Конституциялык Соттун чечиминин негизинде талкуу өткөрүүнү сунуш кылды. Ошол эле учурда төрага Конституциялык Соттун чечими парламентке келе элек деп билдирди. (BuS)