Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

11:58 Аксы окуясында М. Бекмуратовду жана Э. Үмөталиевди милиция кууп жүрүп өлтүргөн


Дооронбек Садырбаев Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө Аксыда Боспиекте 17-мартта милиция менен тынч жүрүшкө чыккан эл кагылышканда төрт адам окко учканын эскерип өтүп, дагы эки адамды -Элдияр Үмөталиевди 18-мартта милиция кууп жүрүп атып өлтүргөнүн, ал эми 19-мартта Бекмуратов Медетбекти укук коргоо органдарынын мыкаачылары сабап өлтүрүшкөн. Бул окуя Аксыдагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Бакиев башында турган өкмөт токтом кабыл алгандан кийин болгон.

«Бекмуратов менен Үмөталиевдин окко учушу ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев "Тайфун" жана "Буран" операцияларын аракетке киргизүү жөнүндө токтомго кол коюп, райондук жана облустук милициянын жырткычтыгын кийинчерээк болсо да мыйзамдаштырып, Жалалабад облустарынын укук коргоо органдарынын оперативдүү штабынын жетекчиси кылып генерал Садиевди дайындап, райондук мамлекеттик администрация жетекчилерин түздөн түз баш ийдирген чечим чыгарып, ал иш-аракеттерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын так аткарылышын көзөмөлдөөгө генпрокурордун орун басары К. Абдиевди Аксыга жибергенден кийин болуп отурбайбы бул окуя»,- деп баса белгиледи Дооронбек Садырбаев. (KCh)

XS
SM
MD
LG