Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН «ТАЙФУНУ» КАНТИП БАШТАЛГАН?


«Лица» гезити «саясый сезондун башталышы» деген рубрика алдында «Курманбек Бакиевдин тайфуну жана Алмаз Атамбаевдин нан кризиси» деген баштеманы биринчи бетине өкмөт башчысынын нан кучактап турган сүрөтү менен кошо басты. Гезит ошондой эле «Курманбек Бакиевдин тайфуну» деген аталыштагы макаласын жарыялады.

2005-жылдагы президенттик шайлоодо саясатчылар Бакиевди жок кыла турган компромат дал ушул «Тайфун» операциясында жатканын шыбырашып калган эле. Бирок Аксы окуясына байланышкан документтер ошол 24-мартта Акүйдүн өзүндө эле жок кылынып салынса керек. Ал эми биздин колго бул документ март революциясынан кийин келип тийген. Агездеги башпрокурор А.Бекназаров камап коет деп корккон бир чиновник, атын атабоону өтүнүп редакцияга алып келип берген болучу деп маалымдаган гезит «Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кеңешмесинин (17-июнь, 2007-жыл, саат 21.00 дөгү № 31-23) протоколун жарыялады».

Кеңешме «Жалалабад облусундагы Аксы районунун элдүү пункттарында оперативдүү абалдын татаалданышы жөнүндө» маселени карап, ага О.Ибраимов, Н.Танаев, А.Карыпкулов, Ч.Абышкаев, Т.Акматалиев, К.Иманкулов, Р.Ешмамбетов, К.Жумалиев, К.Укулов, М.Керимкулов, М.Абдылдаев, Ж.Досматов, А.Орозов катышкан. Кеңешме Аксы районундагы абалды жөнгө салуу боюнча жети пункттан турган чечим кабыл алган. Массалык башаламандыкты жөнгө салуу үчүн «Тайфун», админстративдик имараттарды коргоо үчүн «Буран» пландары аракетке келтирилген.

Документте окуя болгон жерге керектүү сандагы спецназ отряддары, ИИМдин ички аскер бөлүгү жөнөтүлсүн, УКК менен Башпрокуратура биргелешип Аксы районундагы башаламандыктардын уюштуруучуларын таап чыгышсын жана КР мыйзамында көрсөтүлгөн тартипке ылайык жоопко тартсын деп айтылат.

Гезит мындан тышкары ошол кездеги премьер-министр К.Бакиевдин экстремисттик маанайдан улам келип чыккан Аксы районундагы абалга байланыштуу ИММ министри Т.Акматалиев башында турган республикалык штаб түзүү жөнүндөгү көрсөтмөсүн да шардана кылды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

XS
SM
MD
LG