- Эмил мырза, жакында Феликс Куловго айып тагылганын сиздер оппозицияга каршы башталган саясий куугунтук деп бааладыңыздар эле. Ал эми Эркин Бөлөкбаев элге бир эле “Жашылдар” партиясынын лидери катары эмес, “Бириккен фронттун” мүчөсү катары да белгилүү. Аны эмне үчүн эркинен ажыратты деп ойлойсуз?
- Менин оюмча, бул бир катардагы иштер. Феликс Куловду деле, Эркин Бөлөкбаевди деле башкаларды деле коркуталы деп жатышат. Бул саясий муштум деп эсептейм. Бул жерде бир эле себеп бар азыркы бийлик оппозиция менен сүйлөшкүсү келбей, өзүлөрүнүн сызыгын өткөрөлү деп жатышат. Элдер менен, оппозиция менен кеңешпей жатышат.
- Бул өңдүү куугунтук кимдерге каршы жасалып жатат дейсиз? Тийиштүү айрым гана адамдаргабы же жалпы эле “Бириккен фронткобу”?
- Тийиштүү адамдарга эмес, ошондой эле “Бириккен фронтко” дагы эмес. Себеби “Бириккен фронтко “ кирбеген кишилер да бар. Анын арасында ошол эле Байкожоев бар. Алар “Бириккен фронтко” кирбегени менен бирок, тийиштүү болуп жүргөн. Азыркы бийлик жылдан жалга өзгөрүп баратат. Бир эле мисал келтирип көрөлү. Бийликтин ичинде бир эле фамилия өзгөрүп калган. “Акаевдин” ордуна “Бакиев” болуп калды. Калган кишилердин баары өз ордуларында турат. Өзгөчө күч органында иштегендер. КГБ, СССРден калган методдор калып калды. Коркутуу, уруп-сабап, ар кандай жолдор, ыкмалар менен мыйзамды бузуп атышат. Бул жол жакшылыкка алып барбайт.
- Эмил мырза, сиздин өзүңүзгө каршы аракеттер болгон жокпу?
- Эми бизге келип эскертүүлөрдү берип жатат. Ар кандай жол менен. Суракка чакырып КГБнын ичинде кайра-кайра коркутуп, мындай кылган болбойт, бийлик деген бар, күч бар дегендей айтып жатышат.
- Мына соңку мезгилдерде “Бириккен фронттун” ишмердүүлүгү Феликс Куловдун өзү жөнүндө бир эле бийлик тараптан эмес журналисттер жана байкоочулар катарынан да бир топ карама каршы ойлор айтылып, жазылып жатат. Муну сиздер кандай кабыл алып жатасыздар?
- Биз ага көнүп калганбыз. Мисалы, мен 1999-жылдан бери сиз айткандардын баарын байкап жүрөм. Бийликке жакын же болбосо бийликтин чөнтөгүндө жүргөн массалык маалымат каражаттар бир топ эле. Алардын буйруктарын аткарган журналист, корреспонденттер деле бар. Бир күнү Феликс Кулов жакшы эле. Эртеси күнү бийликтен түшүп калганда эле заматта жаман болуп калат.
- Сизге рахмат маегиңизге.