Барымтадагы 21 корей дин тагдыры тууралуу сүйлөшүүлөрдүн алгачкысы жума күнү өткөн. Анын жыйынтыктары барымтадагылардын кызыкчылыгы үчүн маалымдалган эмес. Талиптер 19-июлда 23 Түштүк Кореянын жаранын барымтага алып, андан бери алардын 2 сү өлтүрүлгөн. Талиптер ооган өкмөтүнөн абактагы талип согушкерлерин бошотууну талап кылууда.