Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:32

САММИТКЕ КАРАТА БИШКЕКТЕ ЖОЛДОР ЖАБЫЛАБЫ?


16-августта Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Ага келе турган 6 мамлекеттин башчыларын тосуп алып, коштоп жүрүп, жолдогу алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн 5 миңден ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн режимде иштейт. Саммит учурунда Бишкекке шаарына айрым автоунаалардын киришине чек коюлат.

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин убагында милиция жана МАИ кызматкерлери күнү түнү менен күчөтүлгөн режимде иштейт. Жогорку даражалуу меймандары коштоп, алардын коопсуздугун камсыз кылууда атайын автоунаалар жетиштүү болуп, Бишкекте маал-маалы менен машыгуулар өтүүдө. АКШ элчилиги кыргыз МАИсине техникалык жардам катары берген 17 атайын автоунаа саммит учурунда коопсуздукту сактоого кызмат кылат.

Ички иштер министрлигинин МАИ башкармасынын жетекчисинин орун басары Калысбек Темиров айтымында, ШКУ саммитинин күндөрүндө Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу гана жабылып, меймандар өтүп кеткенде кайрадан ачылат. Саммит учурунда Кыргызстандын борборунда МАИнин жүздөгөн кызматкерлери иштейт. Алар тышкары Бишкектин көчөлөрүндөгү тартипти камсыз кылууга облустук мамавтоинспекциялардын кызматкерлери тартылат.

- МАИ кызматы ШКУнун саммити алдында коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды өткөрүп, машыгууларды баштады. ШКУнун саммити алдында МАИ башкармалыгы Бишкек милициясы менен биргеликте жол коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-чараларды өткөрө баштады. МАИ жол эрежелерин сактоо, коопсуздукту камсыздоо жана техникалык каражаттарды координациялоо максатында оперативдик штаб түздү.

Иш-чаранын алкагында ШКУнун саммити учурунда сырттан кирүүчу автоунааларга чектөө коюлуп, шектүү делген унаалар текшерүүгө алынат.
Жол коопсуздугуна орчундуу көңүл бурулганы бекеринен эмес. Себиби жол кырсыктары боюнча Кыргызстан дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн алдыда турат.
Өткөн жылы өлкөдө жол кырсыктарынан 1051 адамдын өмүрү кыйылган. Ушул жылдын башынан бери алты ай ичинде республика боюнча 337 миң жол эрежесин бузуу катталган. Жол кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 26,8 пайызга көбөйсө, мындан жабыркагандардын саны туура отуз пайызга жогорулаган. Ушул алты айдын ичинде эле 522 адам набыт болуп, эки жарым миңден ашуун адам оор жараат алган. Жол кырсыгы эң көп Бишкек шаарында жана Чүй, Ош, Жалалабад облустарында катталууда. Бул тууралуу ички иштер министрлигини басма соз кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Бакыт Сейитов маалымдады.

Анын пикиринде ШКУнун саммитине байланыштуу Бишкекке кирүүчү жүк ташуучу автоунааларга чек коюлат. Өтө зарыл товарлар гана киргизилет. Башка облус, аймактарга катточу жүк ташуучу автоунаалар Бишкектин сыртындагы транзит жолдор менен каттайт. Кайсыл көчөлөр кайсыл убактарда убактылуу жабылаары маалымат каражаттары аркылуу дагы кошумча маалымдалат. Жолдор жабылат экен деп дүрбөлөн түшүүнүн зарылчылыгы жок, дейт Бакыт Сейитов.

Борбор шаар тургундары ШКУнун саммити баштала электе Бишкекте автоунаалар көп болуп, кичи автобустардан жол тийбегендигине, жолдор тосулганына нааразы.

Бишкектик айдоочу Дайыр Мамбетовдун айтымында МАИ кызматкерлери борбордук көчөлөр белгилүү мөөнөттөрдө убактылуу жабыларын алдын ала эскертип, маалымдап турса, айрыкча ШКУнун саммити учурунда кайсыл көчөлөрдө чектөөлөр болоору айтылса, дейт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG