ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Биринчи эл аралык Ысыккөл кинофестивалын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун төрагалыгы астында өтөт. Кинофестиваль бирдиктүү руханий, адеп-ахлактык аймак түзүү, өсүп келе жаткан муунду руханий-жактан тарбиялоо максатын көздөйт. Мындан сырткары фестиваль биргелешип тасма тартуу, тажрыйба жана технологиялар менен алмашуу, кинематография өнөрүнө жаштардын көңүлүн буруу багытында өз салымын кошот деп кабарлайт өкмөттүн басма сөз кызматы. Кинофестиваль 3-сентябрдан 9-сентябрга чейин Ысыккөл облусунун Чолпоната шаарында өтөт. Ага ШКУга мүчө мамлекеттердин жана Беларус, Түркия, Балтика боюндагы өлкөлөрдүн өкүлдөрү дагы катышат. (ZMa)
8:45 Эртең өкмөт үйүндө Биринчи Эл аралык Ысыккөл кинофестивалына байланышкан маселелер талкууланат