Ишканын өкүлдөрү бүгүнкү жыйынында облустагы пахта тазалоочу ири заводдун тагдырына жергиликтүү бийлик жетекчилери кызыкпай, заводдун жамаатынын кайрылууларына жооп кайрыбаганына нааразы болушту. Президентке 450 акционердин атынан кайрылуу кабыл алышып, Жогорку соттун чечими аркылуу ишкананы жабык типтеги “Кыргыз пахта” акционердик коомуна кайтарууга макул эмес экендиктерин билдиришти. Мамлекет башчыдан заводду эл мүлкүнө айландыруу жагын өтүнүштү. (YA)