Жума күнү ошол себептен коопсуздук Кеңештин олтурумуна катышпаган министр С. Лавров журналистерге: «Маскөө өз дымагы эмес эл аралык укукту коргоп ушундай кадам жасады» - деп айткан.
Анализчи Сергей Романенко баамында, «бул жерде улуттук өзүн өзү таануу жана Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин пайда болгон югославиялык мамлекеттин бир бүтүндүгү тегерегиндеги кагылыш болуп атат». Югославия тарай баштаганда аны сактап калуу максатта Слобадан Милошевич көз көрүнөө Косового кызыл кыргын салып туруп басып алган. Ал аймакта 90 пайызынан көбү албандар жашайт экен. Ошондо БУУнун коопсуздук боюнча Кеңеши чечим чыгарып согуш ачып, сербдерди Косоводон кетирген.
Кызык жери, ошол жолку БУУнун чечимине да Орусия каршы чыгып, сербдерге болушкан.
Азыр Югославиянын канча аймактары мамлекеттик эгемендүүлүгүн алышты. Косово аймагы гана эмдигиче ары же бери боло элек. Анын түйүнүн чечүүгө катышып аткан эл аралык коомчулук 14 айдан бери бир бүтүмгө келише элек. Андай бүтүмдүн дурусу - Косового эгемендүүлүк берүү болот деп Мартти Ахтисаари айткан кепти эксперттер улам кайталашат. Бирок ага Маскөө каршы чыгууда.
Иши кылып бул маселеде бир жагынан - Евро Биримдиги менен Кошмо Штаттары жана экинчи жагынан - Орусия таймашууда. Батыштын бар аракети Косовону эгемендүүлүккө жеткирүү жана Сербияны европалык жаатка мүчө кылып алуу болууда дешет.
Косовонун көз карандысыздыкка чыгуусуна калганда Кошмо Штаттары тикесинен тик турушууда. 10-июнда журналисттер алдында президент Жордж Буш андай ниетин мындайча билдирген:
«Мен эки маселени даана түшүндүрдүм. Биринчиси – биз аракет кылышыбыз керек. Экинчиси – биздин аракеттин натыйжасы Косовонун эркиндикке чыгуусу болууга тийиш. Биз бул туурасында көпкө кеп куруп олтурдук», - деген эле.
Маскөө болсо эгерде Косового эгемендүүлүк берилсе анда Балкан жарым аралы гана эмес мурда СССР жаатын түзүшкөн аймактарда да маселен Абхазия, Түштүк Осетия жана Приднестровья сыяктуу таанылбаган жумурияттарда ырааттуулук бузулат дейт.