Ирактагы бийлик өкүлүнүн маалыматына ылайык, кечээ Багдуба шаарында өткөрүлгөн операциянын жүрүшүндө “ал-Каида” уюмунун он сегиз мүчөсү өлтүрүлүп, дагы 62 террорчу камакка алынган. Анын аралыгында АКШнын Ирактагы аскер жетекчилиги 21-июлда жол боюнча коюлган бомбадан бир америкалык жоокер курман болгонун кабарлады.