Бул тууралуу “Азаттыкка” Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева билдирди. 23-апрелден 24-апрелге караган күнү Кемин райондук соту Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Бермет Акаеванын шайлоого катышуу укугуна байланышкан арызды карап, ал чыр-чатактар менен коштолгон. Тартипсиздикти уюштурду деп айыпталып, кеминдик тургун Назарбек Жамантаев камакка алынган. Токтайым Үмөталиеванын айтымында, эч ким ага сот бүгүн боло турганын айткан эмес жана ал бул тууралуу кокусунан угуп калган. “Бүгүн сот ишине байкоочу катары, эгерде Жамантаев макул болсо коомдук укук коргоочу катары дагы катышам”,-деди Т. Үмөталиева. (ZMa)