Бишкектин Ленин райондук соту МТРКнын мурдагы кызматкери Калыбек Тайтекеевге байланыштуу ишти компьютер бузул калгандыгына байланыштуу 25-июлга жылдырды. Тайтакеевге Кылмыш кодексинин 171–беренесинин (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) 2-бөлүмүнүн (3) боюнча кылмыш иши козголгон. Ага ылайык айыпталуучуга үч эселенген айып же эң аз айлык акынын жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып төлөм тагылат же 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Тайтекеев кыргызрадиосунда редактор болуп иштеп турганда үнжазгыч аппараттарды жок кылган делип, МТРКнын жетекчилиги тарабынан сотко доо арыз жолдонгон. Тайтекеевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда “Реформа үчүн” кыймылдын ноябрь, “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронттун апрель айындагы митингдерине катышкандыгы үчүн, аны каралоо максатында МТРКнын жетекчилиги бийликтин саясий тапшырмасын аткарууда. (AJ)