Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

ЭРКИН МАМЛЕКЕТТЕГИ СОТКО КАТЫШУУГА БЕРЕЗОВСКИЙ ДАЯР


Нарын АЙЫП, Прага Британия менен Орусия ортосунда дипломатиялык чатак чыккан учурда Лондон шаарында жашаган Борис Березовский - жакында анын өмүрүнө кол салуу уюштурулганы жөнүндө жарыялады, бирок айрымдар аны - Березовский өзү ойлоп чыгарган нерсе деп жатат. Луговойдун соту үчүнчү мамлекетте өткөрүлсө, Березовский ага катышууга даяр экенин билдирүүдө. Ал тууралуу ишкер - "Азаттыктын" орус бөлүмүнүн кабарчысы Михаил Соколов менен 18-июлда сүйлөшкөндө айтты.

Былтыр ноябрда Лондон шаарында Александр Литвиненко өлтүрүлгөнү менен байланыштуу Британия прокуратурасы май айында Маскөөгө кайрылып, Андрей Луговойду кармап берүүнү талап кылган. Маскөө андай талапты четке какты, Луговой болсо - Литвиненкону Британиянын коопсуздук кызматтары өздөрү өлтүргөн болуш керек деп жарыялады жана андан чыккан чатактын жүрүшүндө эки мамлекет - төрттөн дипломатты өз өлкөлөрүнөн айдап чыкты.

Литвиненко менен Луговой экөө тең мурда Орусиянын коопсуздук кызматында иштеген, экөөнүн тең Борис Березовский менен байланышы болгон. 2000-жылдан бери Березовский Лондон шаарында жашайт жана анын артынан качып келген Литвиненкого дагы жардамдашып келген. Айрым орусиялык саясатчылар - Кремилден шек санатыш үчүн Литвиненкону Березовский өзү өлтүрткөн болуш керек деп да айтууда.

17-июлда болсо Березовский - Орусия тараптан анын өмүрүнө каршы дагы кол салуу уюштурулганы жөнүндө жарыялдаы жана ал тууралуу британиялык гезиттер 18-июлда жазып чыкты. Березовскийдин өзүнүн айтымында, июндун жыйырмаларында британ полициясы ага кайрылып, бир нече күнгө өлкөдөн кетип калууну сураган жана ал жок кезде Лондондо бир адам кармалган. Ал Березовскийди атып салыш керек болчу жана андан кийин полициядан дагы качмак эмес. Британ мыйзамдары боюнча ал 20 жылга эркинен ажыратылмак жана 10 жыл отургандан кийин эркиндикке чыкмак, бирок өзү жана үй бүлөсү көп акча алмак.

Орусиянын Лондондогу элчиси Юрий Федотовдун айтымында, өмүрүмө кол салуу уюштурулган деп Березовский өзү ойлоп чыгарган болушу мүмкүн, анткени ага каршы азыр Орусияда сот жүрүп жатат, Бразилия дагы аны издөөгө салды жана коомчулуктун көңүлүн андан бөлүш керек болгон.

Березовский болсо - Федотовду сотко берсе болот деп билдирүүдө:

- Мен азыр адвокаттарым менен кошо - жалаа жапканы үчүн элчини сотко берүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатам. Кылмышкерлер менен байланышы бар, же акча адалдаган деген сыяктуу анын айтканынын баары калп. Аны ал өзү да билет, анткени мени күнөөлүү деп бир дагы сот, Орусияда дагы, таба элек.

Андан тышкары, Луговойду Маскөө кармап бербей жаткандыктан, ага каршы сотту үчүнчү мамлекетте өткөрсө болмок жана Березовский ага барып, орус бийлигин ашкерелөөгө даяр:

- Мындай демилгени мен бир гана себептен көтөрдүм. Мен дагы бир жолу - Саша Литвиненкону өлтүрүү буйругун Путин өзү бергенин жана ошол себептен алар эч кандай шартта Луговойду өлкөдөн чыгарбай жатканын көрсөткүм келет. Мен айткым келет - мунун баары оюн жана мен жөн гана көрсөткүм келет - Кремилдин айласы калбай калгандыктан, алар ар башка амал менен жоопкерчиликтен кутулуп кетүүгө аракеттенүүдө. Мен алардын калп опуза мүмкүнчүлүктөрүн азайткым келет.

Анын айтымында, андай сотту Дания, Норвегия же Алмания сыяктуу эркин мамлекеттин биринде өткөрсө болот.

XS
SM
MD
LG