Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

ИРАНДА ТЕГИ КҮРТ ЖУРНАЛИСТ ЖАНА УКУК КОРГООЧУ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА ТАРТЫЛДЫ


Ирандын Түштүк Батышындагы Күртистан провинциясында теги күрт эки жаран өлүм жазасына тартылды. Өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурду деп айыпталган жарандардын бири журналист, экинчиси укук коргоочу. Ирандын өкмөттүк маалымат каражаттары жогорку жазага тартылган эки күрт жигитти тыйуу салынган оппозициялык топтор менен кызматташты деп, жабыла каралап жатты.

Журналист Эднан Хасанпур жана адам укугун коргогон бейөкмөттүк уюмдун мүчөсү Хива Бутимар, Ирандын ырасмий маалымат булактарынын маалымдашынча, өлкөнүн коопсуздугуна каршы аракеттенгендери үчүн өлүм жазасына тартылган. Экөө тең күрт. Алар жашаган Ирандын Түндүк Батышындагы Күрдистан провинциясында жергиликтүү эл менен борбордук бийлик арасында тез- тез кагылышуулар болуп турат.

Экөөнүн адвокаттары “Фарда” радиосуна берген интервьюда, алар өкүмгө макул эмес жана жогорку сот органдарына доо арыз менен кайрылыша турганын айтышты.

Эки айыпкердин кайда экени беймаалым. Маалыматтарга караганда, Эднан Хасанпур 2007- жылы январдын аягында, ал эми Хива Бутимар январдын башында абакка салынган.

Ирандын айрым интернет- сайттары Хасанпур менен Бутимар борбордук бийликке каршы күрөшкөн оппозициядагы күрт топторунун мүчөсү болгон деген жоромолдорун жазып чыгышты.

Иниси жөнүндөгү мындай маалыматты Эднан Хасанпурдун эжеси негизсиз сөз деп санайт.

- Анын бир айыбы- калеминде жана жазган макалаларында. Эднандын эжеси болгондон кийин, инимди жакшы билем: өлкө ичиндеги же Ирандан тыш жактагы бир да саясый партия менен анын эч кандай байланышы жок эле. Эднандын эч кандай оппозициячыл партиялар менен байланышы жок экенин болгонун биздин бардык тууган- уруктарыбыз жана досторубуз билишет. Ал накта көзкарандысыз журналист болгон,-деген эле ал 19- июлда “Фарда” радиосуна берген интервьюда.

Эднан Хасанпур- Күртистан провинциясында чыкчу “Асу” жумалыгынын жетекчилеринин бири болчу. Бул басылма күрттөр көп жашаган провинцияда 2005- жылы болгон толкундоолор, ага катышкан эки уландын өлүм жазасына тартылганы жөнүндө угармандарга кеңири кабарлаган. “Асу” жумалыгын Иран бийликтери 2005- жылы жапкандан бери чыкпайт.

XS
SM
MD
LG