Эгерде президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Трсунбек Акун 5-канал, МТРК, Пирамида телеканалдары, Азаттык үн алгысы жана башка ММК аркылуу сотко чейин “Адилет” укуктук клиникасы боюнча айткан жалааларын жокко чыгарып, расмий кечирим сураса анда ойлонуп көрөбүз, деп билдирди аталган клиниканын жетекчиси Чолпон Жакупова. Анын айтымында, Турсунбек Акундун бийликке жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жагыныш үчүн укук коргоочулардын аброюуна шек келтирип, жалган жалаалар менен коомчулукка жамантты кылуу аракети туура эмес. “Адилет” клиникасы 13-июлда укук коргоочунун үстүнөн Биринчи май райондук сотуна доо арыз жолдогон. 17-июлда укук коргоочу Турсунбек Акун маалымат жыйынын өткөрүп, бейөкмөт уюмдардын форумунда жана ММКда “Адилет” укуктук клиникасы жөнүндө кызуу кандуулук менен туура эмес маалымат айтканын мойнуна алып, кечирим сураган. (AJ)