Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

“FINANCIAL TIMES”: БАТЫШ РОССИЯ ҮЧҮН ДЕМОКРАТИЯЛЫК ДӨӨЛӨТТӨРДӨН БАШ ТАРТПАШЫ КЕРЕК


Россия Британияга Андрей Луговойду бербей койуусу эки өлкө ортосундагы мамилени начарлатты. Демократия, адам укугу жана мыйзамды камсуздоо жаатындагы Россия менен Батыштын кызматташуусуна жарака салды. Айрым талдоочулар эки ортодо берегидей келишпестиктердин болуусун табигый көрүнүш дешет. Ал эми “Financial Times” гезитинин серепчиси Филип Стефенстин оюнча, Батыш Россия менен саясый- экономикалык мамиле куруп, ошол эле учурда өз баалуулуктары үчүн бекем туруш керек.

Кээ бир талдоочулар Россия менен Батыштын саясатындагы айрымачылыктын чоңоюп баратканына саясаттагы чындык катары мамиле кылууну сунуш кылышат. Россияга Кытай сыңары мамиле жасоо керек. Себеби, “Россия мыкты дос боло албаганы менен, жалпы экономикалык кызыкчылыгыбыз бар” дешет алар. Филип Стефенс да Батыш Россия менен кызматташуусу зарыл, бирок өз саясатын таңуулаганга мүмкүндүк бербеш керек деп эсептейт:

-Биз өзгөчө коопсуздук маселесинде Россиянын сезимталдыгын эске алышыбыз зарыл. Бирок, Польша жана Чех Республикасы сыяктуу өлкөлөргө Американын ракетадан коргонуу системасын жайгаштырууга же Косово боюнча финалдык резолюцияга Россиянын вето колдонуусуна жол койбошубуз зарыл. Биз Россия менен кызматташуубуз шарт, биз провокациядан качышыбыз шарт, бирок, Россия тышкы саясатын бизге таңуулаганга жол бербешибиз абзел.

“Файненшль Таймстын” серепчисинин айтымында, айрым Батыш өлкөлөрү Россия менен эки тараптуу келишим түзүп, өз өлкөлөрүн газ жана мунай менен камсыздоону кооптуу кылууну ойлошкон. Европа өкмөттөрү энергия маселесинде “бир жеңден кол” чыгармайынча, Россия Батышка бөлүп- жарып мамиле кылганын токтотпойт.

-Путин, менин оюмча, бөлүп- жарып башкарууга жана, эгер кааласаңыз, Европанын энергия базарын тегиз камсыздабай Россиянын бийлигин орнотууга маш болгон адис. Ошон үчүн Европа бир жактан, Россияга бирдиктүү энергия саясатын жүргүзүшү, экинчи жактан коопсуздук маселесинде, алсак, Косово боюнча жалпы саясаты болушу жана Россиянын ар кандай өкмөттөр арасына шынаа кагышына жол бербеш керек.

Батыш Стефенстин оюнча Россия менен кызматташып жатып, демократия, адам укугу, мыйзамдуулук сыяктуу дөөлөттөрүнөн баш тартпашы лаазим.

-Россия менен кызматташууда бир иштин кызыкчылыгы үчүн өз баалулуктарыбызды “кармата бербешибиз керек деп ойлом. Менин оюмча, эгер сиз Россия сыяктуу өлкөлөр менен экономикалык жана саясый жактан байлансаңыз да, Батыш баалуулуктарын коргой билишибиз шарт.

Ал эми Москванын Британияда саясый башпаанек тапкан Александр Литвиненкону өлтүрдү деп шектелип жаткан Андрей Луговойду Лондонго бербей койуусу- анын күнөөсүн ырастаган далилдерге Россиянын такыр маани бербегенин күбөлөйт дейт Стефенс.

XS
SM
MD
LG