Бул тууралуу Чек ара кызматынын төрагасы Замир Молдошев маалымат жыйынында билдирди. “Биз бардыгына ШКУнун лидерлеринин жолугушуусуна он күн калганда Бишкекке сапарын убактылуу токтото турууга чакырабыз. Себеби борбор калаанын аймагына кирүүгө чек коюлат”,-деди Молдошев. Анын айтымында, “Манас” жана “Ош” аэропортторунда документтерди текшерүү күчөтүлөт. З. Молдошев чек ара кызматкерлери үчүн орус-англис, орус-кытай тилдеринде атайын сөздүктөр иштелип чыккандыгын кошумчалады. (ZMa)
17:13 ШКУнун саммитине он күн калганда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагына кирүү чектелет