Юстиция министри Марат Кайыповдун билдирүүсүнө караганда, кыргыз тарап сүйлөшүүдө Кумтөр боюнча 2003-жылдын 31-декабрында түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууну көздөөдө. Маалыматка караганда, канадалык делегацияны өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев кабыл алат. Ал эми алар менен сүйлөшүүлөрдү каржы министри Акылбек Жапаров башында турган эксперттик топ жүргүзөт (AiT).