Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:08

7:00 Биринчи май райсоту бүгүн оппозициянын апрелдеги митинги учурундагы баш аламандык боюнча ишти карап баштайт


Башкы прокуратура 19-апрелдеги окуядан улам Кылмыш кодексиндеги «Массалык баш аламандык» беренеси боюнча иш козгогон. Бул ишке катышы бар деп айыпталып жаткан Жолдошбек Абдиев менен Эркинбек Акназаров бүгүн сот сурагына алынмакчы. Оппозициялык бириккен фронт быйыл 11-апрелде мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабы менен борбордук аянтта митинг баштап, 19-апрелдин кечинде митингчилер менен милиция ортосунда тирешүү чыккан. Милиция наарызылык акциясына чыккан элге көздөн жаш агызчу газ колдонуп, аларды адегенде өкмөт үйүнүн алдынан, андан соң «Алатоо» аянтынан сүрүп чыгарышкан эле. (SM)

XS
SM
MD
LG