Дин иштер боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын орун басары Канатбек Мурзахалиловдун маалымдашынча, азыр бул багытта мамлекеттик органдардын, диний уюмдардын жана атуулдук коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ иштеп жатат. Даярдалган мыйзам долбоор сентябрь айында өкмөткө жана Жогорку кеңештин тиешелүү комитетине сунушталмакчы.(EBM)