ШОСтун шылтосу менен ремонт болбосо, өкмөт филармонияга каражат бермек эмес дешет адистер. Кыргыз филармониясынын жетекчиси Керим Тураповдун айтымында, курулганына 26 жыл болсо да имарат капиталдык ремонттон өткөн эмес. Канализация жана суу түтүктөрү чирип, чоң залдын тактайы керектен чыгып бараткан. Филармониянын ремонтуна казынадан 42 миллион 800 миң сом каражат бөлүнүп, 20-июлга чейин бүткөрүлөт.
Филармониянын алдындагы “Манас” архитектуралык комплекстке төшөлгөн мрамор таш жолдорун талкалап, кайрадан жаңыртып жатышкан усталар ишемби, жекшемби күндөрү да иштеп жатышат.
Керим Тураповдун пикиринде имараттын айланасындагы мрамор таш жолдорунун керектен чыккан бөлүктөрү гана оңдолуп, эч нерсеге жарабай калганы калдыктары таштандыга төгүлгөн. Мрамор таш плиталары башка максаттарга колдонулган жок, жетекчилерге да жең ичинен берилген эмес.
Ошол эле учурда Кыргызстандын эл артисти Курмангазы Азыкбаевдин пикиринде филармониянын сырты жалтырак, ичи калтырак болуп, сапаттуу мрамор таштары чоңдорго берилип, анын ордуна сапаты начар кытайдын мраморлору коюлду. Ремонттун шылтоосу менен өкмөттүн каражаты максаттуу пайдаланылбай талаага чачылды. ШОСко даярдыкты 2-3 жыл мурда баштап, филармониянын чыгармачылык сапатын, деңгээлин дагы жогорулатуу керек болчу.
Филармония 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик театрынын элдик аспаптар оркестринин базасында түзүлүп, былтыр 70 жылдыгын расмий белгилебей калган. Алгачкы көркөм жетекчиси Владимир Фере болгон.
Бишкек шаарынын көркүнө көрк кошкон жаңы имаратка 1981-жылдын 21-мартында ээ болуп, маданияттын ордосуна айланган.