“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында, үч күн аралыгында “Кылым шамы” уюмуна келип, аталган иш-чараны колдогон миңден ашуун адам өз колун коюп беришти. Кол топтоо кампаниясынын өзгөчөлүгу адамдын жөн гана колун койдуруп албастан, анын аты-жөнүн, ага тиешелүү маалыматтарды камтый турган атайын тактама чыгарылат, дейт А. Абдрасулова.
Кол топтоо чарасы 5-июлда башталып, 10-декабрга чейин уланмакчы. Бул аралыкта уюштуруучулар 1 миллион кол топтоону максат коюшууда. Аталган акция адам укугун жана эркиндигин чектөө күчөп бараткандыгына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлүп жатат. (MSu)