Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

9:35 Чернобыль кырсыгынан жапа чеккендерге эстелик тургузуу маселеси көтөрүлдү


Бишкектеги Фучик атындагы сейил багында Чернобыль кырсыгынан жапа чеккендер үчүн эстелик тургузуу демилгесин “Чернобыль союзу” коомдук бирикмесинин президенти Кадырбек Сасыкулов көтөрүп чыкты. Анын айтымында, КМШнын бардык өлкөлөрүндө мындай эстеликтер тургузулган. “Өткөн жылы президент К. Бакиев менен жолугушкан учурда биз эстеликти тургузуу үчүн акча каражатын сураган элек. Президент Бишкектин мэри А. Ногоевге бизге курулуш иштери үчүн аймак жана акча каражатын бөлүп берүү тапшырмасын берген. Бирок Бишкек Шаардык кеңеши тапшырманы аткардыбы же жокпу, биз биле албадык”,-деди Сасыкулов. Ушу тапта Кыргызстанда Ченобылдагы Атомдук электро станциясындагы авариянын кеспеттерин жоюу боюнча иш-чараларга катышкандардын миңге жакыны бар. Алардын он беши биринчи топтогу, тогуз жүз элүүсү 3-топтогу майыптар. Жалпысынан кырсыктын кесепеттерин жоюуга Кыргызстандан үч миңге жакын адам катышкан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG