Алар Кандагар провинциясындагы урушта НАТО жана ооган күчтөрү тарабынан жок кылынды. Провинция губернатору Асадулла Халиддин билдиргенине караганда, бул аскерий операция учурунда талибдердин мүчөсү деп шектелген дагы төрт адам камакка алынды. НАТО жана ооган күчтөрү арасында чыгым болгон жок. Кандагардын губернаторунун айтымында, уруш Зари деген райондо сегиз полицией минага кабылып, каза тапкан соң башталган.