Коомчулукта кырсыктын себептери тууралуу түрдүү пикирлер айтылууда. “Агым” гезити жазганга караганда жарандык авиациянын жетекчилери жума күнү Ысыккөлгө атайын учак менен барып “Манас” аэропортунун пансионатында эс алышып, эртеси Нарын багытын көздөй жөнөшөт. Алар Соңкөлгө да барууну максат кылышып, отуз жыл мурда АН-2 учагы конуп жүргөн, учурда жаандын суусу жеп кеткен кыска тилкеге конууну жетекчилер талап кылышкан. Учкучтар учакты кондуруу учурунда конуу тилкеси түгөнүп, кырсыкка учураган. Жарандык авиациянын жетекчилери жергиликтүү аэропортторду инспекциялап жүргөнбүз деген шылтоо табышып, учактын учуп, конуу учурун жазып алган “кара жашиктеги” жазууну атайын жоготуп салышкан” деп маалымдайт “Агым” гезити жана “Акипресс” агентиги.
Кыйроонун техникалык себептерин аныктоо максатында атайын түзүлгөн жумушчу топтун жетекчиси, жарандык авиация департаментинин инспекция башчысы Александр Астионовдун пикиринде учактын эки кыймылдаткычы тең иштебей калган. Кыймылдаткычынын бирин өткөн жылы Ташкенттеги авиазавод кепилдиги менен сунуш кылган. Ошондуктан учкучтар аргасыз конууга мажбур болгон.
-Кыймылдаткычтардын бири Ташкенттеги ремонт заводунун кепилдигинде турган. Ошондуктан ал жактан да сөзсүз өкүл чакырылды. Мындан тышкары Запорож облусундагы ремонт заводунан да адистерди чакырып жатабыз. Бүгүнкү күнгө чейин аба кыймылын башкаруучу каражаттарды, учуу мезгилинде жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү, учакты күйүүчү май менен камсыздагандарды жана башка тиешелүү документтерди иликтөө үчүн камакка алынган. “Kара жащик” жоголгон эмес.
Жарандык авиация департаментинин башчысы Александр Астионовдун айтуусунда алдын ала алынган маалыматтар боюнча учак учууга жарактуу болгон.
- Маалымат каражаттары кырсыктын себептерин иликтөөгө тоскоол болуп, ишке жолтоо болууда, -дейт Александр Астионов.
Кыйроого дуушар болгон учак мамлекет башчысын жана өкмөт жетекчилигин Кыргызстандын ичиндеги каттамдар боюнча ташыган, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы жалгыз учак болгон. Аталган министрликтин басма сөз катчысы Алишер Ташматовдин айтуусунда учактын учууга толук ресурсу бар болчу жана кырсык учурунда “кара жашик” жоголгон эмес.
-Бул учак бир гана президентти эмес, жалпы өкмөт курамын ары-бери ташып жүргөн самолет болчу. Ошондуктан, анын учууга толук мүмкүнчүлүгү бар эле. Эми атайын түзүлгөн комиссиялар кырсыктын себебин аныктап чыккандан кийин баары такталат. “Кара жащик” жоголгон деген жалган маалымат. Эч кайда жоголгон эмес.
Транспорт жана байланыш министр Нурлан Сулаймановдун айтуусунда август айынан тарта жергиликтүү багыттагы учууларды кайра жандандырууга аракеттер көрүлүп жаткан. Ушул себептен атайын делегация аймактардагы аба майдандарын текшерүүдөн өткөрүү иштерин жүргүзүү максатында учуп бараткан.
Кыйроого дуушар болгон учак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы жалгыз учак болгон. Аталган министрликтин жетекчиси Туратбек Жунушалиевдин айтуусунда жарандык авиацияда учуп жүргөн ЯК-40 үлгүсүндөгү бардык учактарды бир сыйра көзөмөлдөн өткөрүү өкмөт башчы тарабынан милдеттендирилди.
Аталган авиакырсыктын себептерин изилдеп жаткан жумушчу тобунун маалыматы боюнча иликтөө иштери бир айдан ашуун убакытка созулуусу мүмкүн.