Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

ТҮШТҮК ОСЕТИЯДАГЫ АРТИЛЛЕРИЯЛЫК АТКЫЛООНУ МОСКВА ТБИЛИСИДЕН КӨРҮҮДӨ


Россиянын бейпилдик аскерлери Түштүк Осетиянын Цхинвали кыштагынын чет жакасын күзөтүүнү күчөтүштү. Мындай чара көрүүгө өткөн апта соңунда Цхинвали кыштагы грузиндер отурукташкан Тамарашени кыштагы тарабынан минометтер менен эки саат бою тынымсыз аткыланганы себеп болду.

Түштүк Осетиянын расмий маалыматына караганда, Цхинвали кыштагы минометтер менен аткыланып, андан бир киши курман болуп, төрт киши жараат алды. Курман болгон 19 жашар Родион Туаев кечээ жайына коюлду, жарадар болгондор республикалык ооруканаларга жеткирилди, алардын абалы оор, деп маалымдалат Түштүк Осетиянын маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Расмий Москва менен Түштүк Осетиянын промосквачыл өкмөтү артиллериялык аткылоонун жопкерчилигин Тбилисиге жүктөшүүдө. Бирок Тбилиси буга тиешеси бар экенин төгүндөп, мунун артында абалды шыкактоону көздөп жатышкан түштүк осетиялык сепаратисттер турганын божомолдойт. Расмий Тбилиси өлкөнүн аймагындагы жаңжалдардын баарын тынчтык жолу менен гана чечүүнү пландаштырып жатканын, согуш анын кызыкчылыгында эмес экенин кайталоодо.

Май айында Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Тбилисини колдогон саясатчы Дмитрий Санакоевди Түштүк Осетиянын убактылуу администрациясынын башчысы кылып дайындаган болучу.Санакоев өз иретинде Еврокомиссияны Түштүк Осетияга байланыштуу жаңжалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга колдон келген баардык аракетин жумшай турганына ишендирген. 1990- жылдардан бери Грузиядан көз караанды эмес болуу үчүн күрөшүп келаткан Түштүк Осетия Тбилисиге де факто баш ийбей калган.

Айрым байкоочулардын баамында, Цхинвалинин айланасындагы аткылоого сепаратисттердин эмес эле, грузин өкмөтүнүн тийешеси бар. Алардын пикиринде, расмий Тбилиси муну менен абхаз- грузин ички чек арасында болуп жаткан окуялардан коомчулуктун көңүлүн алагды келгиси келип жатат. Айрым байкоочулар бул чек ара тилкесинде орун алган аскер кыймылына таянып, Тбилиси Абхазияга каршы аскердик операцияга даярданууда, деп да жатышат. Алардын пикиринде, президенттик мөөнөтүнүн соңуна чейин бир жарым жылдан аз убакыт калган президент Саакашвили Грузиянын территориялык бүтүндүгүн калыбына келтирем, деп шайлоо учурунда берген убадасын аткарууну көздөп турат. Андай болбосо ал келерки шайлоодо калктын колдоосун эле жоготуп койбостон, өзүнүн партиялаш тарапкерлеринин бир бөлүгүнөн да кол жууп калышы ыктымал, дешет алар.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG