Бул туурасында губернатордун биринчи орун басары Турусбек Султаналиев «Азаттыкка» билдирди. Анын маалыматына караганда ушул жылдын 6-июнь күнү болгон жер титирөөдөн Чүйдөгү беш айыл өкмөттүн төрт жүз алтымыш үйү ар кандай өлчөмдө кыйроого туш болгон. Андан сырткары бир мектеп, бир китепкана жана эки айылдагы клуб жаңыртууну талап кылып турат. Ондоп түзөө иштерине болжолдуу алганда жети млн сом керек. Бирок азыр облустук бюджетке 2 млн 125 миң сом гана чогулду. Андан сырткары катуу кыйраган он үй үчүн узак убакыт бериле турган карыз акча суралганы жатат. (JJ)
16:17 Чүй районундагы жер титирөөдөн кыйраган үйлөрдү ондоп түзөө иштерине акча бөлүнө элек