Бүгүн ооган президенти Хамид Карзай НАТО күчтөрү жана АКШ аскерлери менен талибдердин ортосунда 29-июнда болгон кагылышууда катардагы тургундардын курман болгонун иликтөөчү комиссия түздү. Жергиликтүү чиновниктер буга чейин Гильменд облусундагы аба соккулардан 45 адам мерт кеткенин айтышкан. Бирок ал маалымат толугу менен иликтенген эмес. Эми өкмөт мүчөлөрү менен депутаттардан турган коммиссия иштин чоо жайын иликтөө үчүн Гильменд облусуна жөнөп кетти.
Ооган президенти аскерий операциялардан катардагы тургундардын курман болгонун изилдөөнү буйруду