Бишкек ШИИБнын жетекчиси Молдомуса Конгантиев жакында эле Стамбулда өткөн “Демократия жана аалам коопсуздугу” деп аталган эл аралык жыйынга катышып келген. ИИМнин маалымат кызматы кабарлагандай Түркиянын күч органы кыргыз милициясына техникалык жактан жардам берүүгө даяр экенин билдирип, Бишкек шаардык милициясына 35 мотоциклди каска, рация, сирена жана башка кошумчалары менен толук комплект түрүндө, мындан тышкары 15 кичиавтобус берген. Бул жардамдар ШОС жыйынына чейин Кыргызстанга келип калат деп билдирет ИИМ маалымат кызматы.