Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

ИРАК: КҮРД ГЕНОЦИДИ ҮЧҮН АЙЫПТАЛГАНДАРДЫН ҮЧӨӨСҮ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА КЕСИЛДИ


Иракта мурдагы президент Саддам Хуссеиндин режиминин өкүлдөрүнө карата кезектеги сот өкүмү чыгарылды. Ага ылайык Ирактын түндүгүндө, 1980-жылдардын соңунда миңдеген күрддөрдү кырууга тикелей катышы бардыгы үчүн айыпталган үч адам өлүм жазасына кесилди.

Бул ирээт өлүм жазасына кесилгендердин бири – Ирактын мурдагы коргоо министри, Саддамдын аталаш бир тууганы Али Хассан ал–Мажид. Ал коомчулукка Химик Али деген ат менен белгилүү эле. Өлүм жазасына кесилгендердин экинчиси Султан Хашим ал-Тай да кезинде өлкөнүн коргоо министри болгон. Үчүнчүсү Хуссеин Рашид ал-Тикрити коргоо мекемесинин мурдагы жогорку даражалуу офицери. Алардан башка дагы мурдагы эки аскерий адам өмүр боюу түрмөгө кесилди. Ал эми күрддөр жашаган Мосул шаарынын ошол учурдагы акими Тахир Тафик ал-Ани акталды.

Ирактын түндүгүндө 1987-89-жылдары күрддөргө каршы жүргүзүлгөн массалык кыргын боюнча сот жараяны былтыр август айында башталган эле. Андан бери сотто жүздөгөн күбөлөр, ошол кыргындан аман калгандар да көрсөтмө берүүгө үлгүрдү.

Саддамдын режиминин күрддөргө каршы ал операциясы Анфал деп аталган. Анын учурунда өмүрүнөн айрылган күрддөрдүн саны түрдүү эсептер боюнча 182 миңге чейин жетет. Мындан сырткары күрд улутундагылар жашаган 3000дей айыл-кыштак өрттөлүп, талкаланган. Операция учурунда күрд улутундагыларга каршы кадимки куралдан тышкары уулуу газ да колдонулган. Саддамдын аталаш бир тууганы, ошол учурда Ирактын куралдуу күчтөрүнүн Түндүк аймак боюнча командачысы болгон Али Хассан ал-Мажид Химик Али деген атка конгону мына ошол себептен.

Тергөөчүлөрдүн сотто билдиргенине караганда, аскерлер миңдеген күрддөрдү, анын ичинде аялдар менен жаш балдарды айылдан сырткары алып барып, өлтүргөн соң чуңкурларга чогуусу менен көмүшкөн. Тергөөчүлөр сот жараяны учурунда ошондой эле Ирактын ал кездеги аскерий чалгын кызматынын, президент кеңсесинин аскерий кол башчыларынын буйруктарын да көргөзүштү. Аларда күрддөргө каршы уулуу газ колдонуу тууралуу айтылат.

Сот жараянынын жүрүшүндө айыпкерлердин адвокаттары Анфал 1980-1988-жылкы Ирак – Иран согушунда Иранды колдогон күрд согушкерлерине каршы мыйзамдуу операция болгонун белгилешти. Айыпкерлер да ушул жүйөөдөн улам күнөөсүз экенине токтолушуп, аскерий адам катары жогорудан берилген буйрукту гана аткарганын айтышты.

Сот жараянында ага төрагалык кылган судья жарыялагандай, чыгарылган өкүмгө каршы аппеляциялык арыз берүүгө болот. Өкүм күчүнө кирсе дарга асуу аркылуу ишке ашырылмакчы.

Ал эми сот өкүмүн Ирактын аймактарында ар кандайча кабыл алышты. Маселен кезинде газ колдонулганда 5000дей тургунун жоготуп, мындан эки эсе көп жашоочусу оор жаракат алган Халабжа шаарчасынын тургундары айыпкерлердин өлүм жазасына кесилишин кубатташты.

Аталган шаарчанын Камал Яссин аттуу төмөнкү тургуну мындай дейт:

-Биз Ирактын өкмөтүн Али Хассан ал- Мажидди бул жерге алып келип, өкүмдү ушул жерден аткарууга чакырабыз. Мен Ирактын федералдык өкмөтүнө, соттко бүгүн орун алган адилеттүүлүк үчүн ыраазчылык билдирем.

Ал эми өлүм жазасына кесилген ал –Мажиддин айылдаштарынын бири буларды айтат:

- Биз өлүм жазасына тарткан өкүм чыгарын күн мурунтан эле билгенбиз. Саясат менен эч кандай иши жок жаранга трибунал мына ушундай таасир калтырат. Ал бул трибунал мыйзамсыз жана пайдасыз экенин билет.

Америкалык "Вашингтон Пост" гезитинин жазганына караганда, Ирактагы бул сот жараяны боюнча өкүм чыгар алдында "Хьюман Райтс Вочт" уюму да билдирүү тараткан. Анда сотто процедуралык кемчиликтер болгону белгиленет. Маселен сот жараянына алгач төралык кылган судья Ирактын премьер- министринин буйругу менен жараяндан четтетилген. Айыпкерлер коопсуздук жүйөөсүнөн улам өз күбөлөрүн чакыра алган эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG