БИШКЕК. Президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияны жана анын жанындагы аянтты оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Филармонияны оңдоо иштери өз убагында бүтөөрүн М.Садыркуловго маданият жана маалымат министри убада берди.
Андан кийин М.Садыркулов филармониянын сыртындагы аянтта жасалып жаткан иштер менен таанышты. Президенттик администрациянын башчысы бул жердеги иштин сапатына нааразылык билдирди жана ал кемчиликтердин жоюуга тийиштүү жетекчилер жеке жооп берерин эскертти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.
Филармонияда Шанхай кызматташуу уюмунун Бишкектеги саммитинин маданий программалары өткөрүлөт.(AiT)