Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

14:00 Кыргызстанда интеллектуалдык газ эсептегичтер орнотулат


Бишкек шаардык газ чарба башкармалыгынын жетекчиси Алишер Бейшеналиевдин билдиргенине караганда, мындай газ эсептегичтердин иштөө механизми өтө жөнөкөй. Газ үчүн канча каражат төлөсөң, ошого жараша газдын көлөмү бөлүнүп берилет. Эгерде баланста акча жок болсо, эсептегичтин клапандары автоматтык түрдө жабылып, газдын берилиши токтоп калат. Мындай эсептегичтерди орнотуу үчүн “Кыргызгаз” АК кытай компаниясы менен келишим түздү. Интеллектуладык эсептегичтерди сынактан өткөрүү үчүн анын үч миң даанасы бир жарым айдын ичинде алынып келинет. Алдын ала маалыматтар боюнча, эсептегичтин бир даанасы 75 доллар турат. (MSu)

XS
SM
MD
LG