Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Орусияда өткөн соңку бир топ саммиттерде террор актыларынын алдын алышканын билдирди.ФСБнын директору Николай Патрушев былтыр июлда Петербургда өткөн “Чоң сегиздиктин” саммити жана жакында Самарада жана былтыр Сочиде өткөн Орусия-Евробиримдик сүйлөшүүлөрү тууралуу айтты. Бирок Патрушев кандай коркунучтар болгонун тактаган жок.