Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

18:12 Ысыккөлдөгү жер, экология маселелери депутаттар катышкан жыйында талкууланды


Ысыккөл жээгиндеги мыйзамсыз жүрүп аткан курулуштарга буга чейин жергиликтүү адистер бөгөт коё албай келгендиктен, эми ага мамлекеттик деңгээлде көрсөтмө иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары Алымбеков, Исабеков, Малиев, биосфералык аймактын директору Каптагаев жана айлана-чөйрө, токой чарба агенттигинин башчысы Давлеткелдиев талкуу жүргүздү. Ысыккөлдүн адистери адегенде аукционго мораторий жарыяламайынча көл жээктеги туш келди курулушту токтотуу мүмкүн эместигин айтышса, биосфералык аймактын директору Каптагаев экосистеманы көзөмөлдөп сактоого устав боюнча бир гана биосфералык дирекциянын укугу дагы, мүмкүнчүлүгү да бар экенин ырастады. Жогорку Кеңештин төрага орунбасары Эркин Алымбеков бул сунуштарды өкмөткө жеткирээрин убада кылды. (RB)

XS
SM
MD
LG