15-июнда ТИМдин конок үйүндө өткөн салтанатка аталган министрликтин жетекчиси Эднан Карабаев, Президенттик администрациянын тышкы саясаты боюнча бөлүмүнүн жетекчиси И. Рыскулов, айрым депутаттар, дипломаттар жана эл аралык уюмдар катышты. Өз сөзүндө Эднан Карабаев алты жылдан бери алты өлкө бул күндү белгилеп келе жатканына токтолду. “Алты жылдан бери Жер шарынын жарымы глобалдык коопсуздукту күчөтүү багытында биргелешип, ишенимге жана сыйга негизделген кызматташуунун жаңы системасын иштеп чыкты”, деп белгиледи Э. Карабаев. ШКУнун күнүн жыл сайын 15-июнда белгилөө чечими 2004-жылы Ташкентте өткөн кезектеги саммитте кабыл алынган. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат бөлүмүнөн кабарлашты. (ZMa)