Долбоор жөнүндө депутаттарга каржы министри Акылбек Жапаров маалымат берди. Ага ылайык көмүскөдө мүлкү бар атуул мыйзам күчкө киргенден кийин токсон күндүн ичинде капиталын ачыкка чыгарып, мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алат. Каржы министринин маалыматы боюнча, бул мыйзам кабыл алынса 200-250 миллион долларлык капитал ачыкка чыгышы күтүлүүдө. Бирок депутаттар мыйзам долбоордун чала иштелгенин айтып, ага кошумча жана түзөтүүлөрдү сунушташууда. Айтылган сунуштар менен түзөтүлгөн мыйзам долбоору дүйшөмбү күнү добуш берүүгө коюлат. (AiT)
10:27 Жогорку Кеңеш «Капиталдарды легалдаштыруу жөнүндө» мыйзам долбоорун кароого киришти