Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

12:50 Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров Жогорку Сотто аксылык шайлоочулары менен жолугушту


Анда Бекназаров азыркы бийликтин тушунда Аксы окуясына күнөөлүүлөр жазаланбайт, деген пикирин билдирип, шайлоочуларын ачкачылык акциясын токтотууга чакырды. «Силер дегеле сотко бекер эле келдиңер. Азыркы бийлик тушунда Аксы окуясы аягына чыкпайт» деп белгиледи Бекназаров. Жогорку Сот Аксы окуясы боюнча соттук териштирүүнү бүгүн баштап, бирок судьялардын даяр эместигине байланыштуу аны 28-июнга которуп койду.Буга нааразы болгон аксылыктар ачкачылык акциясын баштап, соттук териштирүүнү тезинен баштоону, же жол кире акысын төлөп берүүнү талап кылышууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG