Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

ЭРИК АРСАЛИЕВ КЕМИНДЕН ДЕПУТАТ БОЛУП КЕЛАТАТ


Жазгул Жамангулова, Бишкек Кечээ №57 Кемин шайлоо чөлкөмүндө шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Экинчи айлампада он төрт талапкердин экөө, Эрик Арсалиев жана Сейтек Чалбаевдар депутаттыкка ат салышкан. Жыйынтыгында Эрик Арсалиев тогуз миң тогуз жүз отуз алты добуш менен алдыга озуп чыкты.

Эки айлампа менен өткөн шайлоонун тарых- таржымалына кыскача токтолсок. Аталган чөлкөмдө биринчи шайлоо 29-апрель күнү болгон. Бирок, айрым шайлоо участкалардагы одоно мыйзам бузуулардын негизинде 2-май күнү БШКнын көчмө жыйыны кеминдеги шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. БШК мындай чечимине нааразы болгон айрым талапкерлер сотко арыз жолдоп, иш Бишкек шаардык биринчи май райондук сотунда каралган. Анда талапкерлер Эрик Арсалиев менен Сейтек Чалбаевдин арызы канаатандырылган. Мына ушул чечимдин негизинде 27-май күнү алты участкада кайрадан шайлоо өтүп, жогорудагы эки талапкер, шайлоонун экинчи айлампасында ат салышаары дайын болгон. Бирок, көз карандысыз байкоочулар, укук коргоочулар шайлоонун жүрүшүндө добуш сатып алуулар жана административдик ресурстар ачыктан ачык пайдаланылганын айтып да, жазып да чыгышты. Муну Кеминдин карапайым шайлоочулары да белгилеп, пулуң болсо, кулуңмун деген саясаттын өкүм сүрүп жатканын айтышат.

- Шайлоо бул кир оюн экен да. Иштейин дегенинин акчасы жок, акчасы барларынын иштээрине шайлоочулардын көзү жетпейт. Билген адамга эл ортодо чайналып кетти. Мындай тарыхта болбогон болуш керек. Одоно мыйзам бузулуп, жарандардын укугу тебеленип жатат.

Кечээ, 10-июнь күнү өткөн шайлоонун экинчи айлампасында болсо өткөн шайлоолорго караганда одоно мыйзам бузуулар катталган жок дешет байкоочулар. Бирок, эски паспорттор менен добуш берүү жана ичкилик ичкендер шайлоо учаскаларынын тегерегинде арбын жүргөндүгү туурасында акт түзүлдү. Бирок, бул шайлоонун башталышынан бери көз салган көз каранды эмес байкоочулар мыйзамга сыйбаган, өзүм билемдикке салган иштер арбын аткарылгандыгын айтышты. Ошол эле кезде мындайды БШК мүчөлөрү четке кагып, баары таза жол менен өткөндүгүн айтышат. БШК мүчөсү Жылдыз Жолдошова мындай дейт:

- 2005-жылдагы шайлоо өтө одоно мыйзам бузууларга жол бергендиги менен эсте калган. Бул шайлоодо болсо андай мыйзамсыз иштерге БШК жол берген жок, биз мүмкүн болушунча шайлоо кодексиндеги пунктарды так аткардык. Шайлоо таза өттү.

Өткөндөн айырмаланып, кечээ эл аралык байкоочулар такыр болгон жок. Шайлоонун жыйынтыгы болсо түнкү саат 4:30да чыкты. Бирок, бул аралыкта адаттагыдай эле шайлоонун жүрүшүндө түшкөн доо- арыздарга эч көңүл бурулган эмес. Бул туурасында Жарандар коррупцияга каршы укук борборнунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова буларды айтты.

- Шайлоочулар өздөрүнүн эрки менен добуш бере алган жок. Бул шайлоодо башынан баштап административдик ресурстар пайдаланылды. Бир сөз менен айтканда бул ак үйдүн буйругунун аткарылышы болду.

Бүгүн саат 12:00дө укук коргоочулар Кеминдеги шайлоого байланыштуу маалымат жыйын өткөрөт. Ал эми кечээги экинчи айлампада жалпы 18 471 шайлоочу добуш берген. Алардын 831и баарына каршы жана 7 439у Сейтек Чалбаевды колдошкон. Жыйынтыгында Эрик Арсалиев 9 936 добуш менен алдыга озуп чыгып, № 57 Кемин шайлоо округунан депутат болуп шайланды.

XS
SM
MD
LG