- Германиянын Хайлигендамм курортунда чоң сегиздин саммити бүгүн аяктайт. Кечээ Россия менен АКШнын президенттери сүйлөшүү өткөрүштү. Жолугушуу жарыша куралдануу, кансыз согуш жөнүндөгү сөздөр пайда болуп жаткан кезде өттү. Сиздин оюңузча азыркы кырдаалда экинчи кансыз согуш мүмкүнбү, же 20 жыл болуп калды кансыз согуш аяктаганына, ошондон бери дүйнө өзгөрүп, жаңы менталитет ага жол бербейби?
- Сиз айтып атпайсызбы, кансыз согуш аяктады деп. Чынын айтканда ошондой деп түшүнүп, бирок башка саясатты жүргүзсө болот. Россияда абал өзгөрөт, жалпы түшүнүк да өзгөрөт деп ошондой аракетти көп эле жасашты. Бирок тилекке каршы Путин башкарган Россия өзгөргөн жок, мурдагыдай эле калды. Ошондуктан батыш менен, айрыкча АКШ менен Россиянын ортосунда ушундай тирешүү пайда болуп атпайбы.
- Жакында Путин жарыша куралдануу жөнүндө сөз кылды. Ал үчүн жоопкерчиликти Вашингтонго жүктөдү. Азыркы күндө мүмкүнбү жарыша куралдануу?
- Ошондой болушу мүмкүн. Бирок барып-барып туруп ошондон зыянды Россия эле тартат. Анткени Россиянын экономикасы андай түшүш үчүн өтө бекем болуш керек. Жалпысынан Путин ишенген болсо бул нефтининин баасы жогору болуп туруп, ошондон эле киреше алганына булар таянып атат. Андан башка Россиянын экономикасы мурдагыдай эле, эч бир орчундуу өзгөрүү болгон деле жок. Ошондуктан менимче туура эле Эстониянын, Чехиянын, Латвиянын президенттери Россияны Путиндин саясатына байланыштуу Чоң сегиздиктин тизмесинен чийип эле коюш керек деп сунуш коюп атканы.
- Күтүлгөндөй эле эки лидер ракетадан коргонуу системасына байланышкан маселени талкуулашты. Путин анын элементтерин Чехия жана Польшада эмес, анын ордуна Азербайжандагы радар станциясын колдонууну сунуш кылды. Ал станция Россиянын ижарасында азыр. Поссоветтик аймакта америкалык аскер объектилеринин жайгаштырылышына сиз кандай карайсыз?
- Биздеги америкалык база жалпы кыргыздын улуттук кызыкчылыгына таянсак, регионалдык коопсуздукту сактоодо чоң ролду ойноп атат. Ошондуктан аны түшүнсөк. Россия биздин улуттук кызыкчылыкты четке кагып, анан азыркы жетекчиликке басым жасап туруп, ошону чыгарып кетсин деп оюн ойноп атат. Тилекке каршы биздин жетекчилик ошону терең түшүнбөй, ошолордун оюнуна кирип, Россиянын колунда оюнчук болуп атат.
- Антиамерикалык маанай эмне үчүн Кыргызстанда күчөп баратат. Кечээ күнү сиз иштеген университеттин алдында пикет өттү, жакында “Янки үйүңөргө кеткиле” деген чакырык жаңылышпасам Кыргызстанда биринчи жолу жаңырды. Эмне үчүн ушундай күчөп баратат.
- Антиамерикалык сезимдин күчөшүнө Кыргызстанда чынын атйканда көп деле шарт жок. Анын күчөгөнү Россиянын басымына байланыштуу болуп атат. Кечээ биздин университеттин алдында болгон жалпы пикеттин катышуучуларын карап көрсөңүз, эски коммунист Клара Ажыбекова, калгандары 90 пайыз Кыргызстанга 50 жылдын, ашып кетсе 100 жылдын аралыгында келген адамдар. Алар болсо Россиянын колунда оюнчук болуп атат. Эң жаман жагы кечээ байкалды, булар Кыргызстанга эгемендүүлүктүн эмне кереги бар деп биздин жалпы ыйык принцибизге шек келтирип атат. Булар Кыргызстан эгемендүү болушун каалабайт. Мурдагыдай эле бирөөгө көз каранды болуп турсун деген өзүнүн оюн айтып атат.
- Ричард Баучер АКШнын мамлекет катчысынын орунбасары азыр Кыргызстанда жүрөт. Анын алдында Роберт Гейтс коргоо министри болуп кетти. Ушул визиттер биринин артынан бири келип атат. Бул базага байланыштуубу, же мурун эле пландалганбы ушул сапарлар?
- Албетте базага байланыштуу болушу мүмкүн, жалпы кыргыз-америка мамилелерин да тактап кетели деген ой менен келгендир. Бирок жалпы Кыргызстандын жарандарынын көңүлүн бир фактыга бургум келип атат. Кандай болбосун бул база биздин улуттук коопсуздукка өз салымын кошуп атат. Алар база турганына төлөп атпайбы. Ошол эле учурда 40 км. аралыгында жайгашкан Канттагы Орусиянын базасын карайлычы, ал базага жылга өзүбүз акча төлөп атпайбызбы коммуналдык муктаждыктарына. Ал жерде болгону 5-6 самолет. Ошону түшүнүп туура мамиле жасасак жакшы болот эле.
- Маегиңизге ырахмат.