Жыйынга чакырылган саясий партиялардын лидерлери, коомдук ишмерлер “Эркиндик” партиясынын эмгегин жогору баалашып, партияны куттукташууда. “Эркиндиктин” лидери Топчубек Тургуналиев Акаевдик режимди кулатуудагы өз партиясынын салымы бараандуу болгонун белгилеп, бирок ыңкылаптын идеяларынын толук ишке ашпай жатышына нааразылыгын билдирди. Партиянын мааракеси концерт жана спорттук оюндар менен коштолмокчу. (AiT)
11:39 Бишкектеги Кыргыз улуттук академиялык драма театрында «Эркиндик» партиясынын 7 жылдыгы белгиленүүдө