Ирандагы Кызыл Жарым Ай Коому, баткендиктерге күрүч, чатыр, жууркан өңдүү буюм-тайымдарды жөнөткөн. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлангандай, жардамды керектүү жерге жеткирүү милдети өкмөттүн буйругу менен эмгек жана социалдык коргоо министрилигине жүктөлдү. (EBM)