Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн колдоо көрсөтүп келе жаткан бардык эл аралык донор уюмдар менен өлкөлөрдүн, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. Кечээ башталган бул жыйында сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиев өлкөдө коррупциянын денгээли кескин төмөндөп, бюджеттин кирешеси быйылкы төрт айдын ичинде Кумтөрдү кошпогондо 11 пайызга өскөнүн белгиледи. Айрым эл аралык уюмдардын өкүлдөрү өкмөт менен донорлордун бул жыйынын прогресс катары баалашууда.(SM)