Өлкөнүн мамлекет башчысы Ахмет Сезер президентти жалпы элдик добушка салып шайлоону сунуш кылган мыйзамга кечээ вето салды. Бийликтеги исламчыл партия Конституцияга ушундай түзөтүү киргизген эле. Түркияда 22-июнда мөөнөтсүз парламенттик шайлоо болот, ошондон соң парламент жаңы президентти шайлайт.