Кечээ Минскиде өткөн сүйлөшүүлөрдө тараптар мунайгаз тармагында кызматташууну макулдашты. Эл аралык коомчулуктун талабына карабай уран байытууну токтотуудан баш тартып жаткан Иран бийликтерине беларус президенти Александр Лукашенко бир нече ирээт колдоо билдирген эле. Батышта Александр Лукашенконун режимин "Европадагы акыркы диктатура" деп мүнөздөшөт.